Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарты (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-мартындагы № 131 токтомуна)__Кыргыз Республикасынын
мамлекеттик билим берүү стандарты
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын «Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багуу»
мамлекеттик билим берүү стандарты (мындан ары — Мамлекеттик стандарт) мектепке
чейинки билим берүүгө жана 6 айдан 7 жашка чейинки балдарды багууга коюлуучу
бирдиктүү минималдуу талаптарды белгилөөчү, менчигинин түрүнө жана ведомстволук
баш ийүүчүлүгүнө карабастан мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын бардык
типтери жана түрлөрү үчүн милдеттүү болуп саналган мектепке чейинки билим берүүнүн
негизги документи болуп саналат.
Мамлекеттик стандарт мамлекет жана башка кызыкдар субъекттер тарабынан
көрсөтүлүүчү жана ишке ашырылуучу билим берүү, медициналык, укуктук, уюштуруучулук
кызматтарга жана иш-чараларга карата талаптардын жыйындысын билдирет.
Мамлекеттик стандарт мектепке чейинки курактагы балдарга жеткиликтүү жана сапаттуу
билим берүүнү жана багууну камсыздоого багытталат, максаттарды, милдеттерди,
базистик мазмунду, системалуулукту жана мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун
негизги принциптерин билдирет.
Мамлекеттик стандарт Кыргыз Республикасынын Конституциясында
Баланын
укуктары жөнүндө конвенцияда, Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинде
,
,
«Билим берүү жөнүндө
«,
«Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө
«,
алдынча башкаруу жөнүндө
«Жергиликтүү өз
«, «Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей
мүмкүнчүлүктөрдүн
мамлекеттик
кепилдиктери
жөнүндө
«,
«Ден соолугунун
мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө
» Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарында аныкталган принциптерге, ошондой эле билим берүү,
саламаттык сактоо жана коопсуз чөйрөнү түзүү жаатындагы башка ченемдик укуктук
документтердин принциптерине негизделет.