Камкорчулук кеңеш

Камкордук кеңеш

Камкордук кенеш жонундо Жылына план боюнча ата-энелер чогулушу 4 жолу өткөрүлөт. Мындан сырткары кезексиз чогулуштар да өткөрүлүп калат. Ата-энелер комитети-камкордук кеңеш 5 жылга бекитилип, иш алып барат. Мамлекет тарабынан каралган ысык тамак боюнча кошумча эт менен камсыз кылып, иш алып баруу камкордук кеңешке берилген.
Ата-энелер менен тушундуруу иштери жургузулуп ар бир балага айына 130 сомдон чогултулуп турат. 346 окуучудан чогултулган акчадан 11 окуучу үй- бүлөлүк шартына байланыштуу 100% бошотулган жана 5 окуучу 50% бошотулган. Ай сайын чогулган акчадан балдардын тамагына кошулуучу этти жана ашкана кызматкерлердин идиш жуучу шаймандарын, ашканага керектүү каражаттарды жана кол жуучу суюк самынын алып берип камсыздап турат. Ашканага келген азык түлүктөрдүн сертификаттары бар.
Мектеп жамааты жана ата-энелер мектептин негизги каражат булагы. Мектептен кандай гана көйгөй болбосун, чогулуштарда кайрылуулардын негизинде ата-энелер тарабынан түшүнүү менен колдоолорго алынып ишке ашырылат. Мектептин матералдык техникалык базасын чыңдоодо ата –энелердин салымы зор.