Мектепке кабыл алуу жөнүндө

Урматтуу келечектеги биринчи класстардын ата-энелери (мыйзамдуу ѳкүлдѳрү)!

Жалпы билим берүү уюмуна 6-7 жашка толгон балдар кабыл алынат, ар бир класста окутуунун узактыгы бир окуу жылынан кем эмес. Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык милдеттүү билим берүү жана билим алуучулардын контингентин сактоосу ишканада ишке ашырылууда. Кызматтык абалына, байлыгына,  ден-соолугуна, жашаган жерине, тилине, динине, улутуна, жынысына карабастан билим алуу мүмкүнчүлүгүнө кепилдик берилет.Билим берүү мектеп тарабынан акысыз жүргүзүлөт.1-класска балдарды кабыл алуу 6,7 жаштан кем эмес кабыл алат. Мектептен чыгаруу учуру жокко эсе. Көчпөй калуу жок.

Мектепте билим берүү жаатындагы мамлекеттик саясаттын принциби сакталууда.  Жарандардын жеткиликтүү жалпы орто билим алуу укуктары камсыздалып, окуу процессинин милдеттери жана максаттары аныкталды. Окутуунун ар кандай түрлөрү колдонулууда:

— күндүзгү

— үйдөн окутуу.

Окутуу кыргыз жана орус тилдеринде жүргүзүлөт.

Үйдөн окутуу жеке план боюнча медициналык комиссиянын корутундусунун негизинде ишке ашырылат.

Мектепке чейинки даярдоодо «НАРИСТЕ» программасы жетекчиликке алынат.

2021-жылдын 1-сентябрынан 15-сентябрына   чейин мектепке бекитилген аймактарда жашаган балдарды 1-класска кабыл алуу башталат. Мектепке бекитилбеген территорияда жашаган балдар үчүн биринчи класска арыздарды кабыл алуу 2021-жылдын 1-августунан 25-августуна чейин жүргүзүлөт.

«Мектепке электрондук жазылуу» проектиси – бул мектеп жашына жеткен (6-7жаш) балдардын Кыргызстандын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүүчү уюмдарына биринчи класска жазылуу процессин автоматташтырууну камсыз кылуучу маалыматтык система.

«Мектепке электрондук жазылуу» системасын ишке ашыруу 6-7- жаштагы мектеп жашына жеткен  баласын биринчи класска киргизүү үчүн [email protected]  Бирдиктүү электрондук реестринде каттоого КР ар бир жаранына мүмкүнчүлүк берет.

«Мектепке электрондук жазылуу» автоматташтырылган маалыматтык системасында иштетилүүчү жеке маалыматтар

«Мектепке электрондук жазылуу» автоматташтырылган маалыматтык системасында баланын, арыз берүүчүнүн мыйзамдуу өкүлүнүн, КРнын жаранын жана чет жердик жарандын жеке маалыматтары иштетилет:

  1. Аты-жөнү (баланын жана арыз берүүчүнүн);
  2. Баланын жынысы;
  3. Баланын туулган күнү, айы, жылы (мындан ары — датасы);
  4. Арыз берүүчүнүн/мыйзамдуу өкүлүнүн байланыш телефондору;
  5. Жашаган жеринен алынган маалымадамага туура келген жашаган жеринин адреси;
  6. Арыз берүүчүнүн/мыйзамдуу өкүлүнүн электрондук адреси

мектепке бекитилген террияторияда жашабаган балдар үчүн 1-класска кабыл алуу бош орун болгондо гана жүргүзүлот.

Урматтуу ата-энелер, көрсөтүлгөн даректерде  жашаган мектеп жашына чейинки курактагы балдардын тизмесин тактоо максатында, балаңыз тууралуу маалыматты мектеп администрациясына  берүүңүздөрдү суранабыз.

Мектеп  жашына чейинки курактагы балдардын ата-энелеринин мектептин кичи аймагында  жашагандыгы документтик  түрдө аныкталат.

1-класска кабыл алуу үчүн керектүү документтердин тизмеси:

  1. баланын туулгандыгы тууралуу күбѳлүктүн оригиналы жана кѳчүрмѳсү;
  2. баланын жашаган жеринде катталгандыгы жѳнүндѳ маалым кат;
  3. ата-эненин (мыйзамдуу ѳкүлдѳрүнүн) паспортунун оригиналы жана кѳчүрмѳсү;
  4. мектепке кабыл алуу жѳнүндѳ ата-эненин (мыйзамдуу ѳкүлдѳрүнүн) арызы;
  5. Баланын ден соолугу тууралуу медициналык справка.
  6. 3х4 ѳлчѳмүндѳгү баланын сүрѳтү – 2 даана;
  7. Окуучунун ѳздүк делосу (А5 форматы).
  8. скоросшиватель. (1даана)