КР билим берүү мыйзамы

Билим берүү жөнүндө

1-глава. Жалпы жоболор

1-берене. Ушул Мыйзамдын колдонулуш чөйрөсү, максаттары жана милдеттери

1. Ушул Мыйзам билим берүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын негизги принциптерин, ошондой эле Кыргыз Республикасында билим берүү ишинин укуктук, социалдык-экономикалык, уюштуруучулук негиздерин белгилейт.

2. Ушул Мыйзамдын максаты адамдын сапаттуу билим алуу укугуна кепилдик берүү, жалпы адамзаттык жана улуттук баалуулуктарды тааныган инсанды ар тараптуу өнүктүрүү, ар бир адамга коомдун пайдалуу, кесиптерди эркин тандоо аркылуу эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүү мүчөсү болуу мүмкүнчүлүгүн берүү болуп эсептелет.

3. Төмөнкүлөр үчүн укуктук, экономикалык жана финансылык шарттарды түзүү ушул Мыйзамдын негизги милдеттери болуп саналат:

1) Кыргыз Республикасында билим берүү системасын өнүктүрүү жана билим берүү сапатын жогорулатуу;

2) Кыргыз Республикасынын билим берүү системасын натыйжалуу башкаруу, каржылоо жана иштетүү;

3) билим берүү чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу;

4) менчигинин түрүнө карабастан билим берүү уюмдарынын билим берүү ишин өнүктүрүү;

5) билим берүү процессинин катышуучуларынын укуктарын жана милдеттерин жүзөгө ашыруу;

6) билим берүү чөйрөсүндө эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү.