Кызматташуу

Билим берүү башкамалыгы менен кызматташтык.
Билим берүү башкармалыгы тарабынан берилген тапшырмалар, иш-чаралар аткарууга алынып, уюшулган семинар-тренингдерге мугалимдер толук катышышат.
Билим берүү башкармалыгы мектептин методикалык иштери, окуучулардын билим базасы, материалдык базанын чындалышына салым кошот. Ар тараптуу семинар, тренинг, сынак ж.б. уюштурат жана мугалимдердин эмгегин баалоо механизми туура жолго салынган. Жылдын жыйынтыгы менен педагогикалык кеңешке сунушталып, чечим чыккан мугалим окуучуларды сыйлоо иштери ишке ашып келет. “Жылдын мыкты мугалими”, “Жылдын мыкты окуучусу”, “Мыкты мектеп”, “Мыкты ремонттон өткөрүлгөн мектеп” сыяктуу иш-чаралар байма-бай өткөрүлүп келет.
Мектептин жамаатынын кезектеги ремонт иштери боюнча эмгектери Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмү тарабынан бааланып, 2018-2019-окуу жылында район боюнча 2-орунду жана 2019-2020-окуу жылында 1- орунду камсыз кылды .
Ал эми кыргыз тили жана адабияты мугалими Шералиева Акмөөр 2020-жылы апрель айында “Санарип мугалим -2020 ” конкурсунда 2-орунду ээлеп , эки кабаттуу керебет менен сыйланган.