Билим берүү уюмунун тарыхы
Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектеби алгач, 1920-жылы Дөрбөлжүн 4 жылдык мектеби болуп уюштурулган. 1921-1922-жылдары эски мектептин ордуна алты бөлмөлүү узун далиси бар мектеп курулган. 1934-жылы Сталин атындагы 8 жылдык мектеп болуп уюшулган. 1962-жылдан 1998-жылдары мектеп Ломоносов атындагы орто мектеп болуп аталган.
Кыргыз Эл жазуучусу, драматург жана коомдук ишмер Шүкүрбек Бейшеналиевдин 70 жылдык юбилейине 7-июнь 1998-жылдагы райондук кеңештин чечимине ылайык, мектепке ысымы ыйгарылган.
19781979-окуу жылында Ломоносов атындагы орто мектебинин имараты типтүү долбоор менен 1-имараты 1072 орунга 3 кабаттуу болуп курулуп, 2-башталгыч класстар үчун имараты 320 окуучулук орунга ылайыкталып пайдаланууга берилген. Азыркы күндө башталгыч класстардын имаратында бала бакча пайдаланып келет.
2013-жылы 25-декабрда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин №802/1 буйругунун негизинде “Кыргыз Республикасынын инновациялык мектеби” статусуна ээ болгон сертификат берилген.
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Нарын облусунун Юстиция башкармалыгы тарабынан 30-апрель 2021-жылы 78654-3304-М-е каттоо номуру менен Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектеби болуп юридикалык жакты мамлекеттик кайра каттоодон өтүп, күбөлүгүн алган.
Мектеп Ак-Талаа райондук Билим берүү бөлүмү тарабынан 2021-жылдын 10-апрель №29 буйругу менен Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектебинин Уставы бекитилген жана Юстиция Министрлиги тарабынан 2021-жылдын 30-апрели менен каттоодон өткөн. (тиркеме 3. 16 барак)
Кыргыз Республикасынын Билим Берүү жана Илим Министрлигинин 2018-жыл 19-июнь №7901 буйругу менен № СС180002422 номуру менен 19.06.2023-ж сертификат алган. Сертификаттын каттоо номуру: 2018422, негизги жалпы билим берүү, орто жалпы билим берүү программалары боюнча аккредитациядан өткөн.
Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектебинде Ак-Талаа районунун көрүнүктүү инсандары жетектеп келген. Акин Токтосунова, Айна Осмонова, Н.Муслимов жетектеп келген.
2019-жылдын май айынан баштап Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектебинин директору – Токтогулова Астра Бектурсуновна.
Мектептин миссиясы:
Ар бир баланын, бүтүрүүчүнүн , окуучунун ийгиликтүү ыңгайланышуусуна жана инсандык жөндомдөрүнүн өрчүп өнүгүүсүнө мектеп керектүү шарттарды түзүп берет. Билим берүүнүн сапатын жакшыртууну башкаруу мектеп администрациясы тарабынан гумандуулуктун, демократиянын, динамикалык үзгүлтүксүз өнүгүүнүн жана натыйжаларды жакшыртуусуна умтулуунун принциптерине таянып жүзөгө ашырат.
- Ар тараптуу инсанды калыптандыруу максатында окуу процессинде окуучунун позициясында окутуп, ата-энелер, коомчулук менен тыгыз байланышта болуп, азыркы коомдо натыйжалуу иштөөгө жөндөмдүү, жашоодо өз ордун таба билген гумандуу адамды тарбиялоо;
- инсандын жеке өзгөчүлүктөрүнө жараша ар бир окуучуга мумкун болушунча эн сапаттуу денгээлде негизги жалпы жана жалпы орто билим алуусун камсыз кылуу;
- мамлекеттин, коомдун, ата–эненин, окуучулардын билим алуусундагы керектөөсүн канааттандыруу, коомдун өнүгүүсүнө, жашоо шарттарына окуучуну көндүрүүгө көмөк көрсөтүү;
- алдынкы иш тажрыйбаны пайдалануу менен окуучуларга заманбап сапаттуу билим, тарбия берүү жана ата-энелер менен тыгыз байланышта иштеп, окутуунун интерактивдик усулдарын колдонуу менен Кыргыз Республикасынын салттарын, маданиятын терен сыйлаган аны баалоого, жөндөмдүүлүгү бар , жашоодо өз ордун таба алган инсандарды тарбиялоо;
- инсандын жеке өзгөчлүктөрүнө жараша ар бир окуучуга мүмкүн болушунча эң сапаттуу денгээлде негизги жалпы жана жалпы орто билим алуусун камсыз кылуу;
Мектептин негизги баалуулуктары:
- Инсандын эркиндигин жана укуктарын камсыз кылуу;
- Баланын укугун коргоо жөнүндөгү Конвенциянын талаптарын аткаруу;
- Адамдык баалуулуктар, руханий байлык жана мекенди сүйүү;
Мектептин базалык баалулуктары:
- Билим берууну гумандаштыруу идеяларын аңдап билуу;
- Окуучулардын, педагогдордун, ата-энелердин, мектептин өнөктөштөрүнүн бири-бирине болгон ишеними жана сый урматы;
- Баардык билим берүүнүн катышуучуларына жогорку психологиялык ынгайлуулукка умтулуу;
- Мугалимдер жамаатынын жана балдар коллективинин өз ара уюштуруучулук денгээлин көтөрүүгө умтулуу;
- Мугалимдердин жана балдардын чыгармачылык өнүгүүсүнө көмөктөшүүчү эркин атмосфераны түзүү;
- Мектептин бардык бүтүрүүчүлөрүн билим берүү стандарттары менен камсыз кылуу;
- Мектептин баардык бүтүрүүчүлөрүнө кесип тандоого багыт берүү жана социалдык ынгайлашууну камсыз кылуу;
Мектептин стратегиялык өнүгүүсү:
Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинин өнүктүрүү стратегиясын тандап алып, бул стратегия мектепти билим берүү мекемеси катары толук реконструкциялоону көздөй да иш-аракеттин бардык компоненттерин (максаттарын, мазмунун, уюштурууну, технология ж.б.), бардык структураларды, алардын бөлүктөрүн, байланыштарын, звенолорун камтыйт. Бул стратегия адатта жаны мазмундагы, сапаттуу билим берүүчү мекемеге айландырууда ишке ашырылат.
- Мектептин стратегиялык өнүгүүсүнүн жана иш алып баруусунун негизинде төмөнкү принциптер жатат:
- Шыктандыруу-ар бир билим берүү процессинин катышуучусунун инсандык өнүгүшүнө ынгайлуу чөйрө түзүп берүү, жашоонун баалуулуктарын түшүндүрүүгө жардам берүү;
- Сапаттуу-мектеп балдардын, мыйзамдуу өкүлдөрүнүн жана коомдун алдында билим берүүнүн сапатына, мугалимдердин кадыр-баркын баалоо менен окуучуларды ар дайым окууга, айлана-чөйрөнү изилдөөгө, чыгармачылык менен ойлонууга, компетенттүү болууга жана Кыргыз Республикасынын жоопкерчиликтүү гражданини болууга, Мекенин сүйүүгө тарбиялоого умтулат.
- Өнөктөштүк:
- Окуучулар менен чыгармачылык баарлашуунун, бири бирине болгон сый- урматтын негизинде окуучулар менен иш алып барууну жузөгө ашыруу. Сапаттуу билим алууга, өзүнүн билим берүүчүлүк суроо талаптарын канааттандырууга, кошумча билим алуунун жаңы компоненттеринин эсебинен окуган предметтерди терендетип изилдөөгө укуктуу, коммуникативдүү, маданияттуу, креативдүү адамдар билим алууга умтулушат. Мектептин окуучулары маданияттын, сергек жашоо образынын, негизги билим алуучулук компетенттүүлүктөрдүн алып баруучусу болуп эсептелинет, кесип тандоодо өз алдынча жана терең ойлонуу менен аныктайт. Өз Мекенин – Кыргыз Республикасын терен сүйөт. Ошондой эле элинин тарыхын, үрп- адатын сактайт жана ыйык тутат. Мугалимдер пикирлеш болуп, кеңешүү менен иштеп, билим берүү ишмердигинин жаңылануусуна умтулуу жана билим берүүчүлөрдүн чыгармачылык изденүүлөрүн колдоо менен максатка жетүү. Сабаттуу, эрудициясы бай, интеллектуалдык жактан өнүккөн адам. Инсандардын өз ара мамилелеринин маданиятын алып жүргөн, өз предметин жогорку деңгээлде билген педагог.
- Мыйзамдуу өкүлдөр мектептин билим берүү процессинин катышуучулары болуп эсептелгендиктен, мектептин өнүгүүсүн башкарууга аралашышат. Бири-бирин сыйлоо менен алака түзүү. Балдарга билим берүүдө жана тарбиялоодо педагогдор менен иш алып барууда партниер болуп эсептелинишет. Конструктивдик диалогко жана акыйкаттуу сынга жөндомдүү. Баланын инсандык жактан ар тараптуу өнүгүүсүнө ыңгайлуу шарттарды түзүүгө көмөктөшөт. Мектептин иш алып баруусунун негизги багыттарына жолтоо болбойт. Адамдык мамилелердин маданиятынын алып жүрүүчүсү болуп эсептелинет жана ошондой эле өз балдарына үй- бүлөдө тийиштүү шарттарды түзүп берүүгө жоопкерчиликтүү.
1-этапта (1-жыл: 20192020-окуу жылы) мектептин, анын катышуучуларынын реалдуу көйгөйлөрүн аныктоо, технологиялык каражаттар, аларды колдонуу иштерине анализ, диагностикалык иштерди алып баруу жана күтүлүүчү натыйжалар камтылган.
2-этапта (2,3,4-жыл: 20202021-окуу жылы, 20212022-окуу жылы, 20222023-окуу жылы) мектептин материалдык базасын чындоо, мугалимдердин методикалык чеберчилигин өркүндөтүү, мугалимдердин маалыматтык-технологиялык билимдерин жогорулатуу, окуучулардын шыктарына жараша багыт берүү, жөндөмдүү балдар менен иш-алып баруу ж.б. иш-чаралар күтүлүүчү натыйжалары менен бекитилген.
3-этап (20232024-окуу жылы) алдыда коюлган максаттардын ишке ашышы, аларды өнүктүрүү, чеберчилик менен иштөөнү улантуу, материалдык база, окуучулардын билим алуудагы кемчиликтерди ондоп-түзөө иштерин жүргүзүү, күтүлүүчү натыйжасы менен каралган.
Стратегиялык иш-планда сырттан келген иш-кагаздар, ар башка инстанциялар менен биргелешип түзүлгөн иштер менен кошумчаланып, кайсы иштер ишке ашты, кемчиликтер боюнча педагогикалык кеңеште каралып, кошумчаланып келет.
Аялдарга карата зордук-зомбулукка каршы 5 ведомостволор арасында иш план бекитилип, тѳмѳндѳгүдѳй иштер жүргүзүлөт: Кыздар уюму менен бирдикте «Эрте никеге туруу», «Өздүк гигиенаны сактоо», «Үй-бүлөдөгү кыздын милдети», «Абийиринди жашындан сакта», «Кыздуу үйдө кыл жатпайт» деген сыяктуу лекция, тегерек стол, жолугушуу кечелери өткөрүлдү.