Социалдык-психологиялык кызмат

Мектепте физикалык жана психологиялык коопсуз чөйрөнү камсыз кылуу үчүн педагогдор менен ата — энелер ортосунда келишимдер түзүлгөн. Анкета түрүндө алынып физикалык коопсуздук б-ча имараттын коопсуздугу, бөлмөлөрдүн жарыктандырылышы , кабинеттердин жылуулугу, желдетилиши, таза суу менен камсыз болушу, мебелдердин коопсуздугу ата — энелер , жергиликтүү бийлик менен кайрылуулардын , маек жүргүзүү, проблемаларды суроо жооп аркылуу аныктап алып, стратегиялык планга киргизилген, айрым учурда тез кабыл алуу педагогдордун чогулушунда чечилет. Балдардын ден соолугун коргоо, жугуштуу ооруларды алдын алуу үчүн медицина кызматкери менен мониторинг жүргүзулүп турат. Социалдык педагог анкета жүргүзот, жашыруун кутуча пайдаланылат, ар бир айда комиссия курамы менен ачылып протокол түзүлөт. Ар кандай психологиялык коопсуздукту алдын алуу үчүн кутуча ичиндеги көйгөйлөр ата-эне, окуучу менен бирдикте маек жүргүзүү менен чечилет. ИДН кызматкерлери менен ай сайын чогулуштар өтүлүп түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп турат,видео көзөмөл орнотулган.

Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинде жаш оспурумдор арасында кылмыштуулукту алдын алуу максатында ар кандай кыйынчылык,чыр-чатактар,ырайымсыз мамиледен жабыркап жана кыйналып жаткан окуучулар учун ыкчам байланыш телефондору тузулгон:
0553882448
0555408145
0708648449

кызмат