«Жалын», «Жаштык», «Бучур» уюмдары

Ш .Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектебинде окуучулардын өзүн-өзү башкаруу уюмунун, кыздар уюму, жаштар уюму жобосу педагогикалык кенеште бекитилет, окуучулар ага ылайык иш-план түзүп иштешет. №1 педагогикалык кеңеште уюмудардын жетекчилери бекитилет. “Бүчүр”,”Жалын”,Жаштык”-жаштардын,өспүрүмдөрдүн өз ыктыяры, каалоолору менен көп улуттуу коомдук кошуундары болуп эсептелет. Өзүн-өзү башкаруу-мектеп парламенти төмөнкү функцияларды жетекчиликке алат:
А) Идеялык–тарбиялык функция
Б)Үйрөтүүчүлүк жана өркүндөтүүчүлүк функциясы
В)Уюштуруучулук жана өзүн-өзү башкаруучулук функциясы
Г) Диагностикалык функция

Жободо уюмдардын милдеттери, укуктары ж.б. каралган:
Балдардын жана өспүрүмдөр уюмунун укуктары
Балдардын жана өспүрүмдөрдүн уюмуна кабыл алуу жана чыгаруу
Балдар жана өспүрүмдөр уюмунун мүчөлөрүнүн укугу жана милдеттери
Балдар жана өспүрүмдөр уюмун жетекчиликке алуу жана ишин уюштуруу
Балдар жана өспүрүмдөр уюмунун башкаруу органдары.
• ЖӨИИ (ИДН)
• Милициянын жаш жардамчысы
• Жарандык коргоо кызматы
Жолдо жүрүүнун жаш инспекторлору, Милициянын жаш жардамчысы, Жарандык коргоо кызматтары район ичиндеги атайын органдар менен биргеликте иш алып барылат. Окуучулар менен атайын кошуундар, инспекторлордун, жардамчылардын жардамы менен иш алып барылат.