Бүтурүүчүлөр, айыл тургундары, ата-энелер.

Демөөрчүлөр тарабынан келген акча каражаттар боюнча маалымат ар бир педагогикалык кенеште отчет берилип, атайын тактага маалымат илинет. Жергиликтүү бийлик тарабынан каржыланган болсо, тендер менен материалдар келип, жумуш аткарылат. Аткарылган иштер, тартылган инвестиция боюнча кириш-чыгыш актылары түзүлүп, колдонууга берилет.
Оңдоп түзөө иштерин жүргүзүүдө ата-энелердин, мугалимдердин жана бүтүрүүчүлөрдүн демөөрчүлүгү 2019-жылы 320 мин сом менен мектеп ичи ремонттон өткөрүлгөн:
• Ш.Бейшеналиев мектебинде 2019-жылы ата-энелердин, бүтүрүүчүлөрдүн 65000 сом демөөрчүлүгү менен жалюзилер илинип, жашылдандыруу иштери колго алынып, оңдоп түзөө иштери жүргүзүлдү.
• Ш.Бейшеналиев мектебинде 40000 сомго ата-энелердин демөөрчүлүгү менен ашканада кафель коюлду.