Маалыматтык — китепкана кызматы

Китепкана фонду

БжММ 201-жылдын 16-июлундагы
№348/1 буйругу менен бекитилди

Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү мекемелеринин
китепканасы тууралуу
ТИПТҮҮ ЖОБО

1.Жалпы жоболор

1.1. Менчиктин бардык тибиндеги, түрүндөгү жана окутуунун бардык тилдериндеги жалпы билим берүү мекемелеринин китепканасы (мындан ары –“мектеп китепканасы”) окуу жана атайын китепкананын милдеттери айкалыштырган, билим берүү мекемесинде (мындан ары “мектеп”) китеп менен иштөөнү башкарган мектептин структуралык бөлүгү болуп эсептелет.
1.2. Мектеп китепканасы ишти мектептин мугалимдер жамааты менен чогуу алып барат.
1.3. Мектеп китепканасы мектеп окуучуларын жана педагогилык кызматкерлерди тейлеген билим берүү, маданият системасынын китепканалары менен кызматташат.
1.4. Мектеп китепканасынын мектептин аты жазылган белгиленген үлгүдөгү мөөрү болот.
1.5. Өз ишинде мектеп китепканасы ушул жобону жана мектеп уставы жетекчиликке алат.

Мектеп китепканасынын негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:

• окуучулардын маалымат маданиятын, китепке болгон сүйүүсүн, окуу маданиятын, китепкананын пайдалана билүүгө тарбиялоо;
• окуучуларды чыгармачыл ой-жүгүртүү, таанып-билүү кызыгуусун жана жөндөмдөрүн өстүрүү, мектеп программасын ийгиликтүү өздөштүрүү үчүн адабиятты системалуу окуу муктаждыгына үйрөтүү;
• китепкана ишинин ар түрдүү түрлөрү жана ыкмалары менен окуучулардын жана мектептин педагогикалык кызматкерлеринин өздөрү билим алуусуна, алардын социалдык, маданий муктаждыктарын адабият менен камсыз кылууга жардам берүү;
• ар тарптуу өнүккөн инсанды тарбиялоого, анын акыл-эсинин, адеп-ахлагынын, эмоционалдык жактан жана дене боюнун өсүшүно болушунча ынгайлуу шарттарды түзүү;
• китепкана фондуларын ыкчам сапаттуу түзүү жана окурмандарды маалыматтык-китепканада тейлөө жолу менен билим берүү процессинин мазмунун көп түрдүү, мектеп жамаатынын программалык педагогикалык багыттарын өзгөчө кылуу;
• педагогикалык адабиятты жана ал тууралуу маалыматты жайылтуу жолу менен мектеп мугалимдеринин, тарбиячылардын, башка кызматкерлеринин методикалык педагогикалык чеберчилигин жогорулатууга ар тараптуу жардам берүү;

2. Мектеп китепканасынын ишин уюштуруу
2.1. Мектеп китепканасынын ишмердүүлүгүн иш жыйынтыктары үчун жооптуу китепканачы уюштурат.
2.2. Китепканачынын иш режими Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, мектептин ички иш тартибинин эрежелерине ылайык белгиленет жана мектеп директору тарабынан бекитилет.
2.3. Мектеп администрациясы китепканага керектүү китепканан жабдуусу, китепканан техникасы (стеллаждар, окурмандар үчүн столдор, китеп берүүчү кафедра), техникалык каражаттар, телевизор, компьютер, коопсуздуктун күзөт жана өрткө каршы каражаттары менен жабдылган өзүнчө, санитардык-гигиеналык нормаларга ылайык келген имаратты (окуу китептерин сактоочунегизги фонду үчүн өзүнчө) берет.
2.4. Мектеп китепканачысы “Жалпы билим берүү мекемелеринин китепкана фондуларын эсепке алуу боюнча көрсөтмөгө” ылайык китептерди жана мезгилдүү басылмаларды (журналдарды жана гезиттерди) эсепке алат, сактайт жана колдонууга берет, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык фондулардын сакталышына материалдык жоопкерчилик тартат.
2.5. Китепканан фондусунун абалы мектептин жаңы окуу жылына даярдыгын аныктоочу негизги көрсөткүчөрдун бири болуп саналат.
2.6. Мектеп китепканасына адабияттар (окуу китептери, маалымат-методикалык, окуу таанып-билүүчү жана башка адабият) мектеп директору бекиткен жана берилген заказга ылайык борборлоштурулуп сатып алынат.

3. Мектеп китепканасынын иш мазмуну

3.1. Мектеп китепканасында аткарылуучу иштердин мазмунун жана көлөмү мектеп спецификасына жана милдеттерине жараша жөнгө салынат.
3.2. Мектеп китепканасы китепкана фондусун жайгаштырат, сактоо режимин жана сакталышын ишке ашырат.
3.3. Мектеп китепканасы мазмуну боюнча китепкананын билим берүүчү, тарбиялык жана маалыматтык милдеттерине жооп берген тармактык курамы боюнча универсалдуу китепканан фондусун түзөт. Мектеп китепканасынын фондусу экт фондду-окуу жана көркөм адабият фондуларын бириктирет. Көркөм адабият фондусу: окуучуларга арналган маалыматтык, илимиц популярдуу адабиятка, ошондой эле педагогикалык кызматкерлерге арналган педагогикалык, методикалык жана маалыматтык адабиятка бөлүнөт. Фондунун курамы менчик тибине, түрүнө жана окутуу тилине, окуучулардын контингентине жараша өзгөрүп турат. Мектеп китепканасынын фондусу китептерден, журналдардан, гезиттерден, брошюралардан, маалыматты салттуу эмес алып жүрүүчүлөрдөн турат.
3.4. Китепкананын окурмандары мектеп окуучулары, кызматкерлери, ата-энелер же аларды алмаштырган адамдар болуп саналат.
3.5. Дифференцияланган тейлөө абонементте, окуу залында жүргүзүлөт, адабиятты тандаганда жана китеп менен өз алдынча иштегенде окурмандар менен жекече жана массалык иштөө жолу менен жардам көрсөтүлөт.
3.6. Мектеп китепканасы класс жетекчи менен чогуу мектептин педагогикалык кызматкерлерине жардам көрсөтөт. Китепканан китепканалар аралык абонементти жана мектеп ичиндеги китеп алмашуунун колдонот.
3.7. Мектеп китепканасы картотека жана каталогдорду уюштурат жана алаып барат.
3.8. Мектеп китепканасы төмөнкүлөрду камчыз кылат:
мектептин окуу-тарбия процессин жана окуучулар менен мугалимдердин өздөрү билим алуусун;
китепкананын маалымат издөөчу аппаратын натыйжалуу алып баруу негизинде альтернативалуу окутууну, билим берүү процессинде мазмунунун көп түрдүүлүгүн, мектеп жамаатынын программалык педагогикалык багыттарынын өзгөчөлүктөрүн;
окуучулардын инсандык өнүгүү жолдорун, түрлөрүн жана каражаттарын эркин тандоо үчүн шарттарды түзүүнү;
3.9. Мектеп китепканачысы факультативдик сабактарды, китепкананын библиографиялык сабаттуулук сабактарын, мукабалоо ишинин кружогун алып бара алат.
3.10. Мектеп китепканачысы китепканан активин түзөт, китепканага ишке тартат.

4. Мектептин мугалимдер жамаатынын жана окуучуларынын жетекчилиги,
көзөмөлү жана милдеттери

4.1. Мектеп китепканасынын ишине мектеп директору жана окуу-тарбия иштери боюнча орунбасары жетекчилик кылат жана көзөмөл жүргузөт.
4.2. Мектеп китепканаларынын ишин жер-жерлердеги билим берүү органдарынын адистери координациялайт, көзөмөлдөйт жана методикалык жетекчилик кылат.
4.3. Директор төмөнкүлөрго жооп берет:
— мектеп китепканасынын ишин уюштурууга жана натыйжалуу, сапаттууиштөө үчүн керектүү шарттарды түзүүгө;
— окуу китептердин пайдалануу үчүн акча каражаттарын өз убагында жыйноого жана төгүүгө;
— китепкана фондусун окуу, коркөм жана методикалык адабият менен толуктоого;
— жаны муундагы окуу китептерин колдонууга жана окуучулардын китепкана фондусунан окуу китептери менен камсыз болушуна;
— китепканачы менен чогуу китепкана адабиятынын жана мүлкүнүн сакталышына жооп берет. Аймактын мектептеринин китепкана фондулары боюнча адистери мектеп китепкананын адистери мектеп китепканасынын ишин текшергенде мектеп директору (же ОТИ боюнча завуч) катышуу менен жүргүзүлөт. Мектеп директору мугалимдер жамаатынын ишин окуучулардын китепке аяр мамилесин калыптандырууга багыттайт, окуу-тарбия процессин пландаштырууда бул ишти өркүндөтүү боюнча чараларды караштырат.
4.4. Окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары мектеп китепканасынын фондуларын пайдалануу жана аанын сакталышы боюнча окуучуларга жана мектеп кызматкерлерине тийиштүү бирдей талаптарды иштеп чыгат; мектеп китепканасынын ишине, жогорку уюмдарга отчет жана маалыматтык документтерди өз убагында берүүгө, ошондой эле окуучулардын мектеп китепканасынын фондусунан окуу китептери менен камсыз болушуна көзөмөл жүргүзөт.
1-4-класстардын мугалимдери, 5-11-класстардын класстардын класс жетекчилери төмөнкүгө милдеттүү:
• окуучуларды китепке аяр мамиле кылууга тарбиялоо боюнча окуучулар жана ата-энелер менен иштерди алып барууга;
• мектеп китепканасынын фондусунан окуу китептерди алууга, окуу китептерин пайдалануу үчүн акча каражаттарын белгиленген тартипте чогултууга жана окуучуларга класстагы окуу китептерин берүүгө;
• өз убагында, 2 жуманын ичинде, чогулган акчаларды жана алаынган окуу китептеринин жана төккөн акчаларынын ар бир окуучунун колу коюлган класстын ведомостторун (тизмелерин) тапшырууга. Төгүлгөн суммага мектеп китепканачысынан квитанция талап кылууга милдеттүү;
• 10-сентябрга чейин окуучуларды окуу китептеринин акысынан бошотууга маалыматтарды чогултуу жана мектептин ата-энелер комитетинин –камкордук кенешинин кароосуна өткөрүп берүүгө. Документтер тапшырылбаса акы Билим берүү министрилигинин буйругуна ылайык алынат. Жашоо шартын текшерүү актылары маалымат каттар тиркелбесе жарактуу деп саналбайт.

Жеңилдиктерге төмөнкүлөр укуктуу:

• Ата-энеси каза болгондугу тууралуу күбөлүкту жана текшерүү актысын тапшырган биологиялык жетимдер (жыл сайын алардын алардын документтери жаңыртылбайт);
• Социалдык жетим балдар, б.а. ата-энесинен кароосуз калгандар (ата-энесинин жоктугу тууралуу маалымкат, ата-энелик укутан ажыратуу тууралуу соттун чечими, алар түрмөдө экени тууралуу маалымкат ж.б.)
• ЧАЭС ликвидаторлорунун, жоокер-интернационалистткрдин, баткен окуяларында каза болгондордун жана майыптардын балдары, майыпбалдар (күболүктүн көчүрмөсү);
• Көп балалуу үй-бүлөлөр-4 бала мектепте же мектепке чейинки мекемеде окуса (үй-бүлөнүн курамы тууралуу, үй-улөнүн кирешелери жөнүндо маалымкат, туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү, багуучу жок болсо –пенсия тууралуу маалымкат).

Сабак берген мугалим төмөнкүлөргө милдеттүү:

• өзүнүн сабагы боюнча окуу китептерин системалуу текшерип турууга;
• мектеп китепканасынын фондусунда окуу китептеринин бар экенин, окуучулардын окуу китептери менен камсыз болушун текшерип турууга;
• сабак боюнча рефераттарды жана докладдарды жазуу үчүн окуучулардын кошумча адабият (справочниктер, создүктор, энциклопедиялар) менен иштөөсүно өбөлгө түзүүгө;
• сабакты өткөндө мектеп китепканасынын фондунан окуу китептерин жана башка кошумча адабиятты пайланууга.

Мектеп окуучулары төмөнкүлөргө милдеттүү:

• китепканан китебине аяр мамиле кылууга;
• окуу китептерин тыкан пайдаланууга жана окуу жылынын аягында окуу китептерин жана көркөм адабиятты тийиштүү түрдө китепканага тапшырууга;

5. Мектеп китепканачысынын кызматтык милдеттери

5.1. Мектеп китепканасынын ишине китепканачы жетекчилик кылат, ал мугалимдер жамааты менен бирге окуу-тарбия процессине активдүү катышат.
5.2. Мектеп китепканачысынын (китепкана башчысынын) жогорку же атайын орто билими жана китепканачы кызматында 3 жылдан кем эмес иш стажысы болушу керек.
5.3. Мектеп китепканасынын кызматкерлерин жумушка алуу жана жумуштан бошотуу жумушка кирип же жумуштан бошоп жаткандардын арызынын негизинде билим берүүнү башкаруучу жергиликтүү органдын буйругу менен таризделет. Арыз аймактагы мектептердин китепкана фондулары боюнча адисинин колу менен күбөлөндүрүлөт. Кабыл алуу, өткорүп берүү буйругунда “Кыргыз Республикасынынжалпы билим берүү мекемелеринин китепканан фондуларын эсепке алуу тууралуу көрсотмөгө” ылайык мектеп китепканасынын фондусун кабыл алуу-өткөрүп берүү мөөнөтөрү көрсөтүлүүгө тийиш.
5.4. Мектеп китепканачысы өз ишинде томонкүлордү жетекчиликке алат:
 Китепкана иши жана китепканачылардын маселелери боюнча билим берүү менен маданияттын мамлекеттеик башкаруу органдарынын буйруктарын билим берүү мекемесинин ички тартип эрежелерин;
 Ыйгарым укутуу органдар тарабынан даярдалган китепкана фондулары боюнча нормативдик-укуктук жана көрсөтмө-методикалык документтерди;
 ушул Жобону;
5.5. Мектеп китепканачысы төмөнкүлөрду билиши керек:
 мектеп китепканасынын ишин уюштуруу боюнча жетектөөчу документтерди;
 китепкана ишин өнүктүрүүнүн негизги багыттарын;
 китепкана таануу жана библиография теориясын;
 эмгек мыйзамдарынын негиздерин;
 китепкана фондусун түзүү, сактоо жана эсепке алуу эрежелерин;
 пландаштыруу тартибин, эсепке алуу жана отчеттуулук системасын;
 китепти пропагандалоо боюнча массалык иштердин түрлөрүн жана ыкмаларын;
 китепкана ишинин алдыңкы тажрыйбасын;

Милдеттер:

Мектеп китепканачысынын ишмердигинин негизги багыттары төмөнкүлөр болуп саналат:
• мектептеги окуу-тарбия проццесин маалыматтык камсыздоо;
• маданий эс алуунун түру катары окууну пропагандалоо;
• китепке аяр мамиле кылуу;

Кызматтык милдеттер:
Мектеп китепканачысы төмөнкү кызматтык милдеттерди аткарат:
• мектеп китепканасынын ишин уюштурат, түшкөн адабияттарды топтойт, иреттейт жана китепкана фондусун сактайт, китепкана фондусун сакталышын камсыз кылат, сабактан жетишпегендер менен иш алып барат;
• адабияттардын каталогдорун, картотекаларын, көрсөткүчтөрүн, тематикалык тимелерин жана обзорун түзөт;
• окуучуларды жана мектеп кызматкерлерин тейлейт, ушуга байланыштуу маалыматтык ишти уюштуруат жана өткөрөт (көргөзмөлөр, витриналар, обзорлор, маектер жана китепти пропагандалоо боюнча башка иш-чаралар), окурмандардын өтүнмөлөрү боюнча адабияттарды тандап берет. Окурмандардын конференцияларын, адабий кечелерди жана китепти пропагандалоо боюнча башка массалык иш-чараларды даярдоого жана өткөрүүгө катышат;
• китепкана ишин эсепке алат жана белгиленген отчетторду тапшырат;
• акт жана бир жооку документтер боюнча китеп фондуларын тийиштүү сактоого кабыл алат жана эсеп жүргүзөт, китеп фондуларын инвентаризациялоо, белгиленген эрежелер жана нормалар боюнча эскирген жана жарабай калган адабиятты эсептен чыгарууга катышат;
• аймактагы мектептердин китепкана фондулары боюнча адисинен, мектеп директорунан жана анын орун басарларынан нормативдик-укуктук жана уюштуруучу-методикалык мүнөздөгү маалыматты алат жана аларда белгиленген талаптарга ылайык ишти уюштурат;
• окурмандардын айыбы боюнча жана китептер жетпей калганына, жоголуп кеткенине же тытылганына байланыштуу китепкананын китеп фондусуна келтирилген зыянды төлөтүүгө жогорку уюмдардын документтеринин негизинде белгиленген тартипте чараларды көрөт;
• башка китепканалар менен байланыш түзөт жана кызматташат; китепкана алмашуусун уюштурат;
• мектептин мезгилдүү басылмаларга жазылышын тариздейт, алардын жеткирилишин көзөмолдөйт;
• китепкананы керектүү жабдуу менен камсыз кылууүчун чараларды көрөт;
• мектеп окуучуларын класс жетекчи аркылуу китепкана фондусундагы окуу китептерди менен камсыз кылат;
• жыл сайын, 15-октябрга чейин окуу китептерин пайдалануу үчун бардык акча каражаттарын атайын счетко төгөнт. (Бул иштин акысы тапшырылган сумманын 1%, ал үстүбүздөгү жылдын декабрынан кечиктирилбестен төлөнүп берилет).
• 10-июнга чейин кийинки окуу жылына окуу китептерине заказ берет жана билим берүүнүн жергиликтүү органдарына статистикалык отчет тапшырат;
• Эмгекти коргоо, коопсуздук техникасынын жана өрткө каршы коргонуу эрежелерин сактайт; китепкана имараттарынын жана фондуларынын тийиштүү санитардык абалына көзөмөл жүргүзөт;
• Окуу китептерин ижарага алуудан чогулган акча каражаттарын пайдалануу ачыктыгын камсыздайт;

Укуктар
Мектеп китепканачысы төмөнкүлөргө укуктуу:

• Китепкана фондуларын пайдалануу эрежелерин сактоого тийиш маселер боюнча окуучулардын жана мектеп кызматкерлеринин карышы үчун милдеттүү көрсөтмолөрду берүүгө;
• Класс жетекчилердин окуу китептер фондусу менен иштешине, окуу китептерин пайдалануу үчүн акча каражаттарын жыйноого жана убагында тапшыруусуна жана окуу китептерин берүү боюнча отчетторун беришине көзөмол жүргүзүүгө;
• Мектептин педагогикалык кеңешинин жыйынжарына кеңеш берүү добуш укугу менен катышууга;
• Окуучулардын китепкана-библиографиялык маданиятын калыптандырган билимди жана башка маалыматты таратууга, билим берүү процессине катышууга;
• Жыл сайын отпуск алууга;
• 40 сааттын иш жумасынан түзүлгөн жана мектеп директору бекиткен график боюнча иштөөгө;
• Окуу-тарбия иштери боюнча мектеп директорунун орун басарынын буйругу менен убактылуу жок болгон мугалимдерди шашылыш түрдо алмаштырышы мүмкүн, бул жумуш убактысынын нормалдуу узактыгынын чегинде өз ыйгарым укугунун алкагында педагогикалык ишке саат боюнча кошумча төлөп берүү менен аткарылат;
• Мугалимдер, ата-энелер, окуучулар менен тыгыз тайланышта иштейт, ыйгарым укугуна кирген маселелер боюнча мектеп администрация жана педагогикалык кызматкерлер менен системалуу түрдо маалымат алмашып турат.

Жоопкерчилик
• Мектептин ички тартибин, мектеп директорунун, аймактагы мектептердин китепкана фондулары боюнча адистеринин мыйзамдуу буйруктарын аткарбагандыгы же жүйөлүү себепсиз тийиштүү түрдө аткарбаганы, анын ичинде берилген укутары пайдаланбаганы үчун мектеп китепканачысы Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте дисциплинардык жоопкерчилик тартат. Мектеп китепканачысы толук материалдык жоопкерчилик тууралуу жазуу жүзүндө келишимдин негизинде сактоого кабыл алынган китептер анын күнөөсү боюнча жетпей калса, жоголсо же тытылса Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык толук материалдык жоопкерчилик тартат. Кызматтык милдеттерин аткарууга (аткарбаганына) байланыштуу мектепке же окуу процессинин катышуучуларына зыян келтиргени үчүн мектеп китепканачысы эемгек жана/же жарандык мыйзамдарга белгиленген тартипте жана чекте материалдык жоопкерчиик тартат.
• Мектеп китепканачысы мектеп китептерин пайдалануу үчун акча каражаттарын орунсуз пайдаланса же адабияттарды уруксатсыз сатып алса, чогулган сумманы толук төлөп берүү менен толук материалдык жоопкерчилик тартат.