Кубатбекова Жыпар Сатыбалдиевна -1967-жылы 13-ноябрда Нарын районуна караштуу Ак-Талаа районунун Үгүт айылында туулган. 1975-жылы Үгүт айылына караштуу М.Баетов атындагы орто мектебине 1-класка кабыл алынып, 1985-жылы ийгиликтүү аяктаган. 1987-жылы Кыргыз Мамлекеттик Университетине кабыл алынып, 1994-жылы бүтүргөн. Биринчи эмгек жолун 1994-жылы Табирис Оторов атындагы орто мектебинен башталган.
2002-жылдын сентябрь айынан баштап Жаӊы-Тилек айылындагы С. Жусупбаев атындагы орто мектебинде эмгектенген. 2004-жылдан баштап Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебине мугалим катары кирген. 2018-2019-окуу жылынан тартып азыркы убакка чейин мектепте тарбиялык иштер боюнча директордун орун басары болуп эмгектенип келе жатат.