Мектепте 2021-2022 окуу жылында 78 мугалим эмгектенген, анын ичинен: Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн апаратынын Ардак Грамотасы-1 , КР Президентинин Ардак Грамотасы-1, КР Президентине караштуу мамлекеттик тил комиссиясынын «Ыйык тил»тѳш белгиси -2, КР Билим берүү жана Илим Министрлигинин « Билим берүүнүн мыктысы» тѳш белгиси — 32, КР Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак Грамотасы — 42 мугалим сыйланган. Ал эми жаш мугалимдердин саны: 3, эмгек синирген мугалимдин саны-2: Акин Токтосунова, Айна Осмонова.
Учурда мектептин педагогикалык кадр менен камсыз болушу 100%
Педагогикалык кадрлардын жалпы саны- 78, Анын ичинен 68 мугалим жогорку билимдүү, Бутпогон орто 2 , бакалавр -3, а\орто-5
Жалпы педстаж боюнча:
3-жылдан 5-жылга чейинкилер -3
5- жылдан 10 жылга чейин-10
10 жылдан 15 жылга чейин – 15
15жылдан өйдө стажы барлар- 50
Окуу жылы
Бардык мугалимдер « Билим берүүнүн мыктысы»
2018-2019-ж.ж 81 30
2019-2020-ж.ж 82 32
2020-2021-ж.ж 78 30
Пед. стаж 2018-2019 – окуу жылы 2019-2020 –окуу жылы 2020-2021 –окуу жылы
5 жылга чейин 2 4 3
5-10 жыл 8 14 10
10-15 жыл 15 13 15
15 жана андан кѳп 54 52 50
Окуу жылы Бошоп кеткен мугалимдердин саны Бошоп кеткен тех.кызматкерлердин саны Кабыл алынган мугалимдер Кабыл алынган тех.кызматкерлер Убактылуу кабыл алынгандар
2017-2018 6 9 9 8 2
2018-2019 10 5 — 7 5
2019-2020 9 10 6 5 2
2020-2021 2 2 3 2 4
Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектебинде педагогикалык кадрларды ишке кабыл алуу, Кыргыз Республикасынын эмгек кодексинин 64-беренеси жана мектептин Уставы жана кызматкердин өз каалоо менен ишке ашат. Жалпы билим берүүчү мекеменин кызматкерлерин топтоо тартиби анын уставы менен регламенттелет. Педагогикалык ишке зарыл болгон,педагогикалык квалификациясы бар,кызматы жана адистиги боюнча квалификациялык мүнөздөмөнүн талаптарына туура келген билими жөнүндө документи бар адамдар, о.э атайын билими жок адамдар, педагогикалык кеңештин чечими боюнча үч ай сыноо мөөнөтү менен кабыл алынат. Жалпы билим берүү уюмдун кызматкерлерине жана администарациясына карата КР эмгек кодексинде каралган эмгек мыйзамдары колдонулат . Соттолгон же КР өкмөтү бекиткен тизме боюнча медициналык көрсөткүчтөрү бар жарандарга жалпы билим берүү уюмдарында иштөөгө жол берилбейт.
Мектеп кызматкерлер менен иш алып баруунун жөнгө салуу Эмгек келишими аркылуу ишке ашат. Эмгек келишиминин жарактуулук мөөнөтү КРнын эмгек жөнүндөгү мыйзамдарына ылайык аны түзүүдө кызматкер жана жумуш берүүчү тарабынан аныкталат. Мектеп жетекчилиги жана штаттык бирдик менен иштеген кызматкерлер Кыргыз Республикасынын эмгек кодексинде берилген саат менен иштеп, функционалдык милдеттерде көрсотүлөт. Бардык кызматкерлердин иштөө графиги бекитилген.
Предметтик мугалимдер тарификацияда бекитилген сааттар менен иштеп, Базистик окуу планын аткаруу боюнча талаптарды жетекчиликке алышат.
2 жыл ичинде мектеп жамаатынын иштөөсү үчүн бардык шарттар түзүлгөн.
Акыркы беш жыл ичинде курстан өткөн мугалимдер 74
2018 3
2019 4
2020 57
2021 10
Мектептин мугалимдеринин кесиптик квалификациясын жогорулатуу үчүн беш жыл сайын жиберилет, андан сырткары тренингдерге , кыска мөөнөттүү квалификациясын жогорулатуучу окууларга барышат.
Штат боюнча комплектование болгон.
Бардык мугалимдердин билими билим берүү программасына шайкеш келет.
Мектеп администрациясы, мугалимдер, кенже кызматкерлер өз функционалдык милдеттерин билет, Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары, адам укуктары, кодекс, Устав, жобо, эреже, инструктаждар боюнча толук маалыматтары бар жана ишинде жетекчиликке алат. Мектеп администрациясы мугалимдерге психологиялык, материалдык коопсуз чөйрөнү түзүү үчүн бардык иш-аракеттери аткарып келет. Мугалимдин ишин баалоо, талдоо үчүн педагогикалык кеңеш, өндүрүштүк кеңеш, усулдук кеңеш, методикалык кеңеш, уюмдар, комиссиялар жөнгө салып келет.